Баары аны күтүп жаткан
Исламга чейинки доор түркөйлүк доору деп аталган. Бул доордо адамдар баштапкы коомдук түзүмдө жашашкан. Күчсүз жана бей-бечаралар кул кылынып алынып, коомдон четтетилээр эле. Коңшулук жана туугандык мамилелерге маани берилбей, адамдар бири-бирине ишенишпес эле. Кыз-келиндерге урмат көрсөтүлбөй, кыз бөбөктөр тирүүлөй топуракка көмүлөт болчу. Адамдар айкелдерге сыйынып, туура эмес ишенимдерге багыт алышкан эле. Ошол доордо жашагандардан экөөсү ал доорду төмөнкүдөй сүрөттөшөт:
peygamberimi ogreniyorum Kirg.:Siyer+.qxd.qxd
«Биз билимсиздик жана түркөйлүк абалда жашаар элек. Айкелдерге табынып, адеп-ахлаксыздык жасап, туугандарыбыз менен урушаар элек. Коңшулук милдеттерине эч маани бербейт болчубуз. Алдуукүчтүүлөр бей-бечараларга зордукзомбулук көрсөтүшөр эле».
«Биз түркөйлүк доордо жашаган адамдарданбыз. Айкелдерге табынып, бөбөктөрүбүздү өлтүрөр элек. Менин да кыз бөбөгүм бар болчу. Аны чакырганымда жаныма чуркап келэр эле. Бир күнү аны дагы чакырдым, ал да жаныма келди. Аны үйүбүздүн жанындагы бир кудукка алып бардым. Колунан кармап аны кудукка таштадым. Кызымдын акыркы сөзү «атаа!» деген кыйкырык болду. Бул кыйкырык азыр да кулагыма угулуп турат.»
Болуп өткөндөр бир эле ушулар элеби? Албетте, жок!
Адамдар Кудайдын ордуна айкелдерге сыйынышат эле. Кудайдын үйү болгон Каабанын ичин көптөгөн буттар менен толтурушкан болчу.
Адамдар кул, күң катары базарларда алынып сатылат эле. Адам– адам катары саналчу эмес.
Алдуу-күчтүү адам бей-бечарага зулумдук көрсөтөр эле. Адилетсиздикке дуушар болгон адамдын акысын алып бере турган уюм же мекеме жок эле. Жамандык жасаганга жаза берилчү эмес. Адамдар суу ичкендей алкоголдук ичимдиктерди ичишип, жаман аялдар менен бирге болуп, түнү менен кумар ойношчу. Кээ бир адамдар гана мындай жамандыктарды жактырбас эле. Бирок алардын колунан эч нерсе келбейт болчу. Себеби, андай адамдардын сандары өтө аз болчу. Бул абалга алар абдан кайгыланып, капаланышар эле. Адамдарга туура жолду көрсөтө турган бир адамдын келе тургандыгын күтүшүп, ар дайым ушул үмүт менен жашашат болчу. Өтмүштө болуп келген сыяктуу Алла аларга бир пайгамбар жиберээр беле? Баары мунун жообуна кызыгар эле. Өтмүштө да Кудай адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн пайгамбарлар жиберген. Жиберилген пайгамбарлар адамдарга туура жолду түшүндүрүшүп жакшылыкка үндөшөт эле. Ал эми адамдардан кээ бирлери аларга ишенишип туура жолго багыт алышкан болсо, кээ бирлери баякыдай эле ишенимсиздик баткагында калышкан болчу.
Мисалга Нух, Салих, Худ улуу Алла тарабынан жиберилген пайгамбарлардан болушчу. Алардын эли Меккенин тургундары сыяктуу туура жолдон чыгышканы үчүн Кудай аларды туура жолго багыттоо максатында пайгамбарларын жиберген. Бул пайгамбарлар Кудайдын буйруктарын түшүндүрүү үчүн аракет кылышкан.
Ибрахим да эли үчүн күйүп-башкан пайгамбар эле. Анын пайгамбар болгондугун кабыл албаган адамдар аны отко ташташкан. Бирок жараткан Алла аны оттон сактап калган.
Кудай кээ бир пайгамбарларга китеп берген. Пайгамбарлар бул китептери менен эли журтун туура жолго үндөшкөн. Алла Таала Муса пайгамбарга Тоорат, Давуд пайгамбарга Забур, Иса пайгамбарга Инжил китептерин жиберген. Бул пайгамбарлардын баары Алла Тааланын бир экенин айтышып, туура жолго, жакшылыкка чакырышкан.
Иса пайгамбардан кийин орто эсеп менен алганда алты жүз жыл өткөн мезгил болчу. Адамдар кайрадан бирибирине кара санашып көпкөндүктөн, Кудайга каршы чыга башташкан. Аалымдар, жаңы пайгамбардын келе турган мезгилинин жакындаганын айтышып, баары ошол пайгамбардын келе тургандыгын күтүшүп жаткан.
Куттуу туулган күн
Чын Куран айынын акыркы күндөрү. Абдулмутталиб небере күтүп жаткан. Ой-пикири туула элек небересинде эле. Ар убак сүйүнүчтүү кабар келип калышы мүмкүн эле. Саамга ойлонуп ойго баткан Абдулмутталиб, башынан өткөргөндөрдү эстеп, жүзүн Кааба тарапка бурду. Көз алдынан болуп өткөн окуялар чуурулуп өтүп жатты: Каабаны бузууга келген Йемен өкүмдары Эбрехе менен жолугушуусу жана төөлөрүнүн анын аскерлери тарабынан барымтага алынуусу эсине түштү. Эбрехе Каабаны бузбоосу үчүн Абдулмутталибдин жалбаруусун күтүп жатканда, «Мен төөлөрдүн гана ээсимин, аларды коргоо менин милдетим. А Каабанын ээси болсо улуу Алла, аны Алла коргойт!» деп айткан сөздөрү эсине түштү. Ошентип Алла Каабаны коргоп калды. Натыйжада Абдулмутталиб Алланын улуулугун дагы бир жолу сезген болчу.
571-жылдын Чын Куран айы болчу. Бул айдын жыйырмасында Пайгамбарыбыз жарык д«йн»г» келди.
Уулум Абдуллах деди ичинен. Жутунду… Ичине кайгыкапа толо түштү. Ага оңой эмес болчу. Уулу Абдуллахты, Аминага үйлөгөндөн кийин көп өтпөй о дүйнөгө узаткан эле. Азыр болсо толкунданган кыялында небересинин туулушун күтүп жаткан.
(Эй Мухаммед), РаббиЖ пил ээлерин кандай (жок) кылганын к»рб»д«Жб«? Ал Зат алардын (Каабатулланы ойрон кылуу «ч«н колдонгон бардык) айла-амалдарын жок кылбадыбы? Ал Зат алардын «ст«н» чоподон болгон таштарды ата турган топтоп куштарды жиберип; Аларды (курт-кумурскалар тарабынан) жепчайнап ташталган саман сыяктуу (тешик-тешик) кылып жиберди.
Фил с«р»с«
Мына ошол учурда чуркап бирөө келди. «Сүйүнчү, Абдулмутталиб! Неберелүү болдуңуз!» деп айтты. Карыянын жүрөгү толкуп кубанычы койнуна батпай, көздөрүнөн сүйүнүчтүн жаштары шорголоду.
(Эй Мухаммед, РаббиЖ) сени жетим абалда таап, баш-паана бербеди беле?
Духа с«р»с«, 6-аят
Тез-тез басып үйүнө келди. Үйгө кирээр замат ар тараптан кичинекей небересинин ыңаалаган үнү жаңырып жатты. Аны кучагына алды. Кайгы аралашкан сүйүнүч ээлеп алды жүрөгүн. Аны өөп жыттап жатып, уулу Абдуллахтын жытын сезди. Ыйламсырады… Көз жашын эч кимге көрсөткүсү келбеди. Жүрөгү сыздады… Аминага карап: «Уулуңдун атын ким деп коелу?»деп сурады. Амина: «Мухаммед»деп айтты. Абдулмутталиб бир аз ойлонуп калды. Бул ат үй-бүлөсүнө тааныш эмес болчу. Амина түшүндө өзүнө «Сенин бир уулуң болот, атын Мухаммед деп коесуң!» деп айтылгандыгын түшүндүрдү. Ошол себептүү Абдулмутталиб атасы жок жетим небересине Мухаммед атын ыйгарды.
Андан соң чоң ата небересин көтөрүп алып Каабага барды. Өзүнө бир небере бергени үчүн колдорун жайып, жараткан Кудайга шүгүрчүлүк келтирди. «Эмнеге Мухаммед деп атадың?»дегендерге: «Адамдар жана Алла аны мактасын үчүн»деп жооп берди.
Абдулмутталиб Каабадан үйүнө кайтканда, жаңы төрөлгөн ымыркайды көрүү максатында Аминанын үйүнө келишкен аялы менен уулу Аббасты көрдү. Аббас анда үч жашар болчу. Ал астейдил басып ымыркайдын жанына барды. Таңдануу менен бөбөктү карап, кичинекей колу менен анын жүзүн сылады. Аны өпкүсү келди. Бешигине карай ийилип, аны өптү.
Ападан биринчи айрылуу жана кусалык
Аба-ырайы өтө ысык болгон Мекке шаары ымыркайлардын ден-соолугу чың чоңоюусуна ылайык эмес болчу. Ошондуктан Меккедеги көптөгөн үй-бүлөлөр жаңы туулган ымыркайларын ден-соолукта чоңоюусу үчүн айыл жеринде жашашкан сүт энелерге беришчү. Айылкыштактарда болсо бала өстүрүү пайда келтире турган тармак болчу.
Мухаммеддин төрөлгөнүнө бир жума болгон. Амина да бул салтка ылайык уулун бага турган сүт эне издей баштады. Бирок, сүт энелер, каалаган акчаны бул жалгыз бой аял кайдан берет дешип, баланы алууга батынышпады.
Бул мезгилде чоң атасы Абдулмутталиб да небересин кучагына алып, сүт эне издей баштайт. Ал да издеген адамын таба албайт. Бирок ал үмүтүн үзбөстөн издөөнү уланта берет. Узак убакыттан кийин Халима аттуу аялга жолугуп, ага: «Жетим небереме сүт энелик кыласыңбы?»деп сурады. Халима бир азга ойлонуп калды… Жетим баланы баккысы келбесе да, ошол күнү сүт энелик кыла турган башка бир ымыркайды да эч табалбаган болчу. Ал күйөөсү менен кеңешип көрүп, Абдулмутталибдин небересин багууну туура көрдү.
Пайгамбарыбыз Хадийча менен турмуш куруп жашап жатышканда Халима аны к»р«« максатында Меккеге келди. Пайгамбарыбыз Халиманы к»р»р замат «с«й«кт«« апам!»деп аны кучактады. Азирети Мухаммед с«т энесин узатып жатып, кандай муктаждыгы бар экендигин сурады. Халима да айылдагылардын жут жана кургакчылыктын айынан кыйналып жаткандыктарын айтты. Пайгамбарыбыз болсо ага кырк кой жана бир т»» тартуу кылды.
Халима Мухаммедди алып кетүү камылгасын көргөндөн кийин жолго аттанды. Узак жол жүрүшүп айылына барышты.
Мухаммед болсо жаңы үй-бүлөсүндө тездик менен чоңоюп жатты. Эмчектеш бир туугандары Шейма жана Абдуллах да ага көнүп калышты. Мухаммед айылда чуркап ойноп, кой багып, күндөрүн оюн-күлкү менен өткөзүп жатты.
Халима менен күйөөсү, Мухаммеддин өзгөчө бала экендигин баштапкы күндөн эле билишкен. Себеби анын келиши менен бирге үйүнө бакыт, дасторконуна береке келе баштаган.
Күндөр өтүп Мухаммед беш жашка чыкты. Анын апасы Аминанын жанына кайтуу убактысы да келген болчу. Бирок Халима жана анын үй-бүлөсү ага ушунчалык көнүп калышкандыктан, андан ажыроо алар үчүн абдан кыйын эле. Акыры Халима Мухаммедди өз апасына тапшыруу максатында Меккеге алып барды. Аны апасына тапшырып жатып, көз жашын кармай албады. Халима өз уулунан ажырап жаткандай кайгы-капага батты. Меккеден жүрөгү кайгы-муңга толуп кайтты.
Ошентип Мухаммед кайрадан күндөрүн апасы менен бирге өткөзө баштады. Ал Меккеге өз үй-бүлөсүнө акырындык менен көнө баштады.
Мухаммеддин таякелери Мадинада жашашат болчу. Амина бир аз убакытка таякелеринин жанында жашоо үчүн аны Мадинага алып барды. Таянеси Үммү Эймен да алар менен бирге эле. Мадинада бир ай жашашты. Андан соң Меккеге кайтуу үчүн жолго чыгышты. Эбва кыштагына келишкенде Амина ооруп калды.
Апасынын акыркы өбүүсү
Үммү Эймен Меккеге келип, шашылыш Абдулмутталибди издей баштады. Ал Меккеге жетүү үчүн беш күн жол жүрдү. Аминанын көз жумгандыгын Абдулмутталибке кантип айтуунун жолун издеп жатты. Ошол учурда Мухаммедге көзү түштү. Бечара Мухаммед да томолой жетим калган эле.
Абдулмутталибке жолукканда көз жашын кармай албады. Абдулмутталиб келининин ооруп калгандыгын уккан болчу. Бирок анын өлүмүнөн кабарсыз эле. Үммү Эймендин жанында келини Аминаны көрө албаганына тынчсызданды. Анын жүзүнөн жаман нерсе болгондугун сезди. Үммү Эймен күнөөлүдөй башын ийип, «Амина көз жумду»-деди. Абдулмутталиб болсо ичиндеги кайгымуңду басуу үчүн Мухаммедди бооруна басты.
Андан соң Үммү Эймен болуп өткөндөрдү түшүндүрө баштады. Мадинадан Меккеге кайтуу үчүн эки күн жол жүрүшкөндүктөрүн, анан Эбва деген кыштакка келишкенде Аминанын ооруп калгандыгын, ошондой эле Аминанын өлө турганын сезип уулу менен сүйлөшкөндүгүн жана уулун акыркы жолу өөп, көз жумгандыгын бир баштан айтып берди. Төрөлө электе эле атасынан ажыраган Мухаммед эми мынтип сүйүктүү апасынан да айрылган болчу. Ошентип Мухаммед чоң атасынын колунда калды.
С«й«кт«« пайгамбарыбыз Меккеден Мадинага к»ч«н»н кийин апасы Аминанын кабырын зыярат кылып, кабырдын «ст«н колдору менен оЖдоп чыкты. Ал ошол жерде к»з жаштарын кармай алган жок. Ага эмне «ч«н ыйлаганын сурагандарга «Эне сагынычы мени ыйлатты»-деп жооп берген болчу.
Чоң атасы Абдулмутталиб
«Абдулмутталиб кайтыш болду» деген үн угулду. Анын бүт үй бүлөсү ыйлап жатты. Бул кабар баарынан да Мухаммедге оор болду. Анткени ал атасы сыяктуу болуп калган чоң атасын абдан жакшы көрөр эле. Ага Абдулмутталиб аябай жакшы карап, ата-энесинин жоктугун сездирген эмес болчу.
Ал чоң атасынын жанында эки жыл жашады. Чоң атасы кайда барбасын Мухаммед да ошол жерде болор эле. Жадагалса, Меккеде кургакчылык болгон жылы да чоң атасы аны жамгыр дубасына алып чыккан болчу. Бардык барган жеринде аны төргө олтургузар эле. Мунун себебин сурагандарга: «Кудаа кааласа ал келечекте улуу адам болот»,деп жооп берээр эле.
Мухаммед шолоктоп ыйлап жатты. Бир маалда аркасынан кимдир бирөө сооротууга аракет кылганын сезди. Өйдө болуп караса, абасы Абу Талиб турат. Абасы аны колунан кармап өйдө тургузуп, башын сылап, ага: «Чоң атаң сени мага тапшырды»,деп айтты. Анда Мухаммед да абасына карай туруп, аны кучактады.
Кийинки жылдарда Пайгамбарыбыз жеЖеси Эсед кызы Фатима »лг»нд» да абдан кап-аланган эле. Ал бул капачылыгын «Б«г«н апам к»з жумду»деп айтып, к»йн»г«н чечип ага кепин кылган болчу. ЖеЖесине болгон с«й««с«н сурагандарга ал мындай деген эле: Абам Абу Талибден кийин жеЖемчелик мага жакшылык кылган адам жок эле. Ал мен «ч«н апам сыяктуу эле. ез балдары турса да, мурда менин курсагымды тойгузуп, чачтарымды тарар эле.
Абасы Абу Талиб
Мухаммед үйдөгү аңгемелешүүдөн Дамаскиге саякат боло тургандыгын аңдады. Бул саякат бир канча айга созулушу мүмкүн эле. Жаш Мухаммед Мекке шаарында абасы Абу Талибсиз жалгыз калгысы келбеди. Акырында Мухаммед ага Дамаскиге барууну каалагандыгын айтты. Ал эми абасы сапардын узак жана кыйын болоорун, жолдо ооруп калышы мүмкүн экендигин жана ошол себептүү бирге алпара албай тургандыгын айтты. Мухаммед ыйламсырап, абасы Абу Талиб минген төөнүн чылбырынан кармап мындай деди:
-Абаке, сен кете турган болсоң, мен ким менен калам?
Уулундай болуп калган инисинин бул сөздөрүнөн абдан таасирленген Абу Талиб:
-Макул, сени бирге ала кетем. Мындан кийин сен экөөбүз бири-бирибизден эч ажырабайбыздеди.
Бул окуядан кийин Абу Талиб иниси Мухаммедди дайыма бирге алып жүрдү.
Абу Талибдин үй-бүлө мүчөлөрү абдан көп болгондуктан жашоо-шарты да анчейин жакшы эмес болчу. Абу Талиб менен аялы бул кыйынчылыктарды балдарына сездирбегенге аракет кылышчу. Мухаммед болсо абасы менен жеңесинин иштерине дайыма жардамдашчу. Кээде үй иштерине жардамдашса, кээде мал багып чабандык кесипти аркалачу. Жеңеси да Мухаммедге мээр төгүп, өз балдарындай көрчү. Ошентип, Мухаммед абасынын үйүндө эр жетип чоңойду.
Пайгамбарыбызга жаштыгында бутка сыйынып, сыйынбагандыгы жана ичимдик ичип, ичпегендиги ж»н«нд» суралганда «жок!»деп жооп берген эле.
Ал балалык чагында да, эл жасаган жамандыктарга эч аралашкан эмес.